super.kg logo
  Саясат  

Банктардын менчигине өткөн жерлерди банктар 3 жылдын ичинде сатуу мөөнөтүн 1 жылга түшүрүү сунушу талаш жаратты

 

Бүгүн, 23-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорундагы насыясын төлөй албай калгандардын күрөөгө коюлган жерлери банктардын менчигине өтүп, ал жерлерди банктар 3 жылдын ичинде сата турган мөөнөтүн 1 жылга түшүрүү сунушу талаш жаратты. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев 3 жыл ичинде жер тилкесине төлөнүүчү төлөмдөр токтоп каларын айтты. Депутат Эсенгул Исаков 3 жылдык мөөнөт дыйкандын алган насыясынан кутулууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Ал эми өкмөт бул маселедеги эки жактын айткан дооматтарын эске алуу менен банктардын менчигине өткөн жерлерди сатуу мөөнөтүн 2 жыл деп белгилөөгө токтолгон.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: