Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети мамлекеттик кызматкерлердин Япониядагы окуусуна каражат бөлүүнү колдоду
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети мамлекеттик кызматкерлердин Японияда окуп келүүсү үчүн 3,8 миллион доллар бөлүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июндагы комитеттин отурумунда белгилүү болду. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, кыргызстандык студенттердин билим алуусу боюнча долбоордо 197 миллион иена каражаты каралган. "Бул сумма 3,8 миллион долларды түзөт. Программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандан жалпысынан 116 мамлекеттик кызматкер окутуудан өттү",- деди ал. |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

