Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык жана райондук жетекчилерине окутуу иштери жүргүзүлдү (фотолор)














18-20-июнда КРнын ӨКМнын атайын куткаруучулар отрядынын республикалык базасында Жалал-Абад, Баткен, Оштун Өрткө каршы кызматынын мамлекеттик агенттигинин жана аталган министрликтин шаардык жана райондук жетекчилерине методикалык окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул окутуунун максаты - чеберчиликти жана жардам көрсөтүүдө колдонулган профессионалдуу жабдыктар менен иштөөнү күчөтүү.
Окутуу практикалык жана теориялык методунда жүргүзүлгөн:
- Жарандык коргонуудагы мамлекеттик систем;
- КРнын ӨКМнын функциясы жана милдеттери;
- Жашыруун жана жашыруун эмес иш жүргүзүү;
- Аскер кызматкерлерин кийим-кечектер менен камсыз кылуу тартиби;
- Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын классификациясы;
- Өрткө каршы даярдык жана башка окутуулар өткөрүлгөн.

