24-25-июнь күндөрү Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
24-25-июнда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Белгилүү болгондой, 24-июнда саат 6:00дөн 17:00гө чейин Алтын-Ордо жаңы конушунда, Чыгыш-5 кичи районундагы №1, 2, 5, 6-көп кабаттуу үйлөрдө жана Чүй кең көчөсүндөгү №26, 28-үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт.
Ал эми Чүй облусундагы Ставропавловск айылында (Совет, Октябрьская, Борбордук, Первомайская көчөлөрүндө) жана Жайыл районунун Степное айылындагы (Школьная, Заречная көчөлөрүндө) өчүрүлүшү мүмкүн.
24-25-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй районуна караштуу Кегети, Чапаев, Арпа-Тектир айылдарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-05
20:52
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















