super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Голландия атаандашы Чилини утуп, тайпадан биринчи болуп чыкты

 
Лерой Фер эсепти ачып, командасын алдыга алып чыкты.
Серхио Рамос баштаган испаниялыктарды бул мелдеште мындан ары, балким, трибунадан гана көрөбүз, балким, көрбөйбүз. Бирок алардын жылмаюусу бул мелдештеги өзгөчөлүктөрдүн катарын толуктаса керек.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычын жыйынтыктоочу оюндар жүрүп, командалар кийинки баскычка чыгып жатышат. Бүгүн, 23-июндан 24-июнга караган түнү Голландия курамасы Чилини утуп, тайпадан биринчи болуп чыкты. Ал эми көптөр үчүн, жалпы эле мелдеш үчүн чоң мааниге ээ болбой калган Австралия-Испания беттеши 3:0 эсебинде испаниялыктардын жеңиши менен аяктады.

“В” тайпасы. 3-тур

АВСТРАЛИЯ-ИСПАНИЯ – 0:3  

Голдор: Давид Вилья (36-мүнөттө), Фернандо Торрес (69-мүнөттө), Хуан Мата (82-мүнөттө).

Куритиба шаарындагы “Арена Байшада” стадионунда орун алган Испания-Австралия беттеши жыйынтыкталды. Алгачкы эки беттеште уттуруп, чемпион катары чоң уятка калган испаниялыктар бул оюнда күйөрмандардын көңүлүн көтөрүү үчүн жана Бразилиянын майдандары менен коштошуу үчүн ойношту. Максаттарына жеткендеринен шек жок. Азыркы учурда алдан тайып калган “кызыл фурия” алгачкы оюндардагы жеңилүү ызасын тарткандагы бардык өчүн Австралиядан чыгаруу үчүн келгендей 3 гол киргизди. Ошону менен Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу расмий түрдө Австралия жана Испания менен коштошту.

 

ГОЛЛАНДИЯ – ЧИЛИ – 2:0

Голдор: Лерой Фер (77-мүнөттө), Мемфис Депай (90-мүнөттө).

Баары күтүлгөндөй болду. Чили өз оюнун ойноп, топту карамагына алды да, чабуулдарды уюштуруп жатты. Ал эми Голландия коргонууга ыктап, каршылаш тараптын жаңылуусун күтүп жатты. Тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн болгон оюнда басымдын да кандай болорун көптөр түшүнсө керек. А бирок Чилинин акыркы мүнөттөргө чейин кармана албаганын жана оюндун бүтөрүнө 13 мүнөт калганда 2 гол өткөрүп, жеңилип калганын көптөр түшүнө бербейт. Голландиянын башкы курамында чыкпаган оюнчулар оюнга кирип, эсепке өзгөртүү киргизишти. Эми стандарттык абалдарда жана ыкчам каршы чабуулда айырмаланган Голландия “А” тайпасынан экинчи болуп чыккан команданы мелдештин кийинки баскычында күтүп алмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.06.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия кучтууго, чемпион болчудай быйыл алар
24.06.2014. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Галандия баштаганда эле кучтуулугу байкалган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: