Экс-министр Султан Раевге "Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардактуу профессору" наамы ыйгарылды




"Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардактуу профессору" наамы жазуучу жана драматург, маданият жана туризм боюнча экс-министр Султан Раевге ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Фото: ЖАМУнун басма сөз кызматы
Ага сыйлыкты ректор Акунжан Абдрашев тапшырып, ишине ийгилик каалады. Ал эми Султан Раев ЖАМУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди жана өз калемине таандык «Адам» аттуу спектаклин көрүүгө Барпы атындагы театрга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.