super.kg logo

Арстанбап айыл аймагында сел жүрүп, ички чарбалык жолдун жээгинин 600-700 метр аралыгын жууп кеткен

 

Кечээ, 23-июнда саат 09:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы Жарадар айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суусу кирсе, 1 турак үйдүн аркасын сел суулары каптаган. Мындан сырткары аталган айылдын ички чарбалык жолунун жээгинин 600-700 метр аралыгын сел суулары жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 экскаватор тартылып, жолду калыбына келтирүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле атайын комиссия тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: