super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүнкү күндүн башкы оюну Италия менен Уругвайдын ортосунда болмокчу

 
Италия курамасынын мыкты оюнчуларынын бири Марио Балотелли күйөрмандары менен...

“D” тайпасы. 3-тур.

Бүгүн, 24-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында “С” жана “D” тайпаларында чечүүчү оюндар орун алат. Алгач “D” тайпасындагы оюндарга күбө болобуз. Анда тайпадан чыгууну 2-турда камсыздаган Коста-Рика менен мелдештен четтеп калган Англия кез келет. Бул тайпадагы дагы бир беттеш Уругвай менен Италиянын ортосунда болот. Мелдеште бир ирет жеңилип, бир ирет жеңүүчү аталган бул курамалардын оюну чоң мааниге ээ. Жеңиш ээси кийинки баскычка чыгат. Ал эми тең чыгуу Италиянын пайдасына чечилет. Андыктан кызыктуу беттеш болоруна кепилдик берүүгө болот.  

ИТАЛИЯ – УРУГВАЙ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Натал шаары, “Арена дас Дунас” стадиону

Калыс: Марко Родригес (Мексика)

 

КОСТА-РИКА – АНГЛИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону  

Калыс: Жамель Хаймуди (Алжир)

 

“С” тайпасы. 3-тур.

Бул тайпада 1-орун үчүн болгон күрөш жыйынтыкталып, тайпадагы лидерликти Колумбия эчак колго алган. Ал эми Греция, Кот-Д`Ивуар жана Япония курамалары экинчи орунду ээлеп чыгуу үчүн дагы да болсо мүмкүнчүлүктөрүн жогото элек. Бирден гана упайга ээлик кылган Япония менен Греция тайпадан чыгууну камсыздоо үчүн сөзсүз жеңишке жетишүүгө тийиш. Болгондо да 3 гол киргизүү менен... Ал эми карамагында 3 упайы бар Кот-Д`Ивуар кийинки баскычтын жолдомосун жеңиш менен же тең чыгуу менен да ала алат.

ЯПОНИЯ – КОЛУМБИЯ

Башталышы:  02:00 (Бишкек сааты боюнча)   

Стадион: Куяба шаары, “Арена Пантанал” стадиону  

Калыс: Педру Проэнса (Португалия)

 

ГРЕЦИЯ - КОТ-Д`ИВУАР

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону  

Калыс: Карлос Вера (Эквадор) 

P.S. Оюндардын башталышы бир убакытка туура келгендиктен, НТС каналынан Италия-Уругвай беттеши түз эфирде көрсөтүлөт (22:00дө). Ал эми Коста-Рика-Англия беттеши 00:00дө кайталоодон көрсөтүлөт. "С" тайпасында болсо Греция-Кот-д'Ивуар түз эфирде (02:00), Япония-Колумбия беттеши кайталоодон көрсөтүлөт (04:00). 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
24.06.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми башкача болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: