Талас - Тараз жолун оңдоо боюнча макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз өкмөтү менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосундагы Талас - Тараз жолун оңдоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Муну бүгүн, 24-июнда президенттик аппараттан билдиришти. 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 28-майында кабыл алган эле. Кыргызстандын Каржы министрлигине белгиленген тартипте "Сауд" өнүктүрүү фондуна Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

