Кыргызстандын Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызына байланышкан макулдашуу бекитилди
Кыргызстандын Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызына байланышкан макулдашуу ратификацияланды. Кыргыз өкмөтү менен Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо" тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Маалыматка таянсак, 1998-жылы “Кыргызтелеком” ишканасын жаңылоо үчүн 15,4 миллион доллар насыя алынган. Азыр кыргыз тарап жылына 1,1 миллион доллар өлчөмүндө насыянын негизги суммасын төлөөдө. Ошондон улам төлөм көлөмүн азайтуу максатында корей тарап менен келишимдин мөөнөтүн 2045-жылга чейин узартып, жылына 300 миң доллар каражат төлөп туруу жагы каралууда. Мыйзамды парламент 2014-жылдын 28-майында кабыл алган.
Автор: Автандил Добулбеков
Кыргызстандын Каржы министрлигине белгиленген тартипте Корея Экспорттук-импорттук банкына Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

