Казакстандан Кыргызстанга жаратылыш газынын миң метр кубун 224 доллардан берет
16-январда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстанга берилүүчү жаратылыш газы тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүгө Казакстандын «КазМунайГаз» компаниясынын жетекчилиги жана Кыргызстандын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эсенгул Өмүралиев катышты. Сүйлөшүүдө Кыргызстанга Казакстандан берилүүчү жаратылыш газы 2013-жылдын биринчи кварталында 1 миң куб метри 224 доллардан бериле тургандыгы боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди ТИМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

