super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан “демократия боюнча өнөктөш” макамын алды

 

Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясында 20-июнь күнү Страсбург шаарында ЕКПА мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстанга “демократия боюнча өнөктөш” макамын ыйгаруу жөнүндө сертификатка кол коюлду. Муну бүгүн, 24-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Кол коюу аземинде ЕКПА төрайымы Анн Брассер Кыргызстанды өз чөлкөмүндө ушундай өнүгүү жолун тандап алуусунун өзгөчөлүгүн баса белгиледи. Баарын Кыргызстанды колдоого чакырып, парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз тарап бул макамды парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында жетишкендиктерине ЕКПА тарабынан жогорку баа берүү катары кабыл ала турганын белгиледи.

“Кыргызстан өзүнүн өзгөчөлүү, бирок татаал калыптануу жолунда барат. Европадан жакшы нерселерди алууга жана аларды көп улуттуу элибиздин каада-салты менен менталитетин эске алуу менен өз турмушубузга жалгаштырууга даярбыз. Европалык өнүгүүнүн бардык жактарын туш келди көчүрүп ала берүүдөн алыспыз. Биз өз коомчулугубуздун пикирине кулак төшөө менен, ар кадамыбызды ойлонуп туруп таштайбыз. ЕКПА боюнча өнөктөштөрүбүз муну туура түшүнүп, бизге колдоо көрсөтөт деген ишеничтебиз”,- дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: