super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлү Андреас Гросс менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-июнда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Андреас Гросс менен жолугушту.

Жолугушуу “демократия боюнча өнөктөш” макамын ыйгаруу жөнүндө сертификатка кол коюу боюнча расмий аземдин жана ЕКПАнын жайкы сессиясына Кыргызстандын парламенттик делегациясынын катышуусунун алкагында өттү.

Макам берүүдө ЕКПАга мүчө өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү добуш беришти. Мында сиздин сиңирген эмгегиңиз бар. Бул жооптуу жүрүмгө биз тараптан алгачкы кадам жасалды, бирок кийинки кадамдар да өтө маанилүү. Кыргызстан демократиялык өзгөрүү жолунда эксперттик, техникалык жана каржылык колдоого муктаж”,- деп белгиледи Жээнбеков.

Гросс аталган өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстанга сунушталып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн бир катар сунуштарды айтты.

Биринчи кезекте ал келечекте ЕКПАда өлкөсүн расмий тааныштыра турган кыргызстандык парламентчилерди ЕКПА комитеттеринин жыйындарына жана уюмдун өзүнө жигердүү катышууга чакырды. Муну ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: