super.kg logo

Адвокат: “Ички иштер министрлиги Алманбет Анапияев боюнча жалган маалымат берип жатат”

 

“КРнын Ички иштер министрлиги Алманбет Анапияевдин  аброюн түшүрүү максатында ал боюнча жалган маалыматтарды жарыялап жатат”,- деди бүгүн, 24-июнда маалымат жыйынында аталган жарандын жактоочусу Данияр Маманов.

“Мен ИИМге “А.Анапияев уюшкан кылмыштуу топко киреби?” деген суроо менен кайрылгам. Бирок жообун дагы деле ала элекмин. Мындан тышкары Анапияев боюнча Ош ОИИБине жана Ош ШИИБине кайрылгам. Бирок ушул эки башкармалык да маалыматка ээ эмес экен. Буга карабастан, ИИМ кардарым боюнча маалыматтарды таратып жатат”,- деди жактоочу.

"Эскерте кетсем, буга чейин Кыргызстандын белгилүү 36 спорт өкүлү КРнын Президентине "милиция кызматкерлери Анапияев боюнча ишти калыссыздык менен жүргүзүп жатышат" деген кайрылууга кол коюшкан. Ал эми ИИМ 21-июнда бул тууралуу "спорт өкүлдөрү президенттин атына кол топтолуп жатканын билген эмес болчу" деген билдирүү жарыялаган",- деп кошумчалады Д.Маманов.

Айта кетсек, Алманбет Анапияев - Алыш Эл аралык федерациясынын президенти. Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бардыгы, Ош коогалаңына катышуусу жана уурдоо боюнча айыпталууда. Мындан тышкары ал “криминалдык авторитет” катары белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: