super.kg logo
  Саясат  

Прокуратура "Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Даниэль Буркановдун АКШга чыккандыгын текшерип жатыптыр

 
2006-жылы каза болгон Азим Чикеевдин апасы Жамила Чикееванын айтымында, "Салам, Нью-Йорк!" тасмасына тартылып, Дастан деген баланын ролун ойногон Даниэль Бурканов анын уулун бычактап салган.

Парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 24-июндагы жыйынында классташынын өлүмүнө шектелген, "Салам, Нью-Йорк!" тасмасына тартылган Даниэль Буркановдун АКШга чыкканын прокуратура текшерип жатканы айтылды.

Депутаттар Ички иштер министрлигинин өкүлүнөн Маалыматтык-аналитикалык борбор бул боюнча эмне иш кылып жатканын сурады. “Адам өлтүрүүгө шектелген адам чек арадан чыгып, ал жакта окуп жана киного тартылып жүрөт. Маалыматтык-аналитикалык борбор эмне менен алектенип жатат жана соттолгон адам кандайча өлкөдөн чыгып кетти?”- дешти депутаттар.  

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери прокуратура органдары тарабынан учурда кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу маселеси каралып жатканын айтып, "ИИМдин да күнөөсү бар, анткени кээ бир материалдар жоголуп кеткен" деп билдиришти.

Эске салсак, парламенттин 29-майдагы жыйынында депутат Максат Сабиров "2006-жылы Бишкектеги мектептердин биринде Азим Чикеев деген баланы Даниэль Бурканов деген классташы бычак менен сайып өлтүргөнү коомчулукка тараган. Кылмышкер баланы психикалык ооруканадан "акыл-эси жайында эмес" деген маалым кат алуу менен каттатып, жазадан сууруп кетишкен. Ошол бала эми "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында көрүнүктүү ролду аткарып жүрөт. Мына биздин коомубуздун жүзү" деп айтып чыгып, бул боюнча массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынган эле.  

Бул боюнча кененирээк маалымат бул жакта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: