super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте уландар жана кыздар арасында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү (фоторепортаж)

 

Бишкекте Свердлов РИИБинин Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы уландар жана кыздар арасында спартакиада өткөрдү. Спартакиаданын максаты - каникул маалында өспүрүмдөргө активдүү эс алууну уюштуруу, дени сак жашоо образын жайылтуу жана мыйзам бузуунун алдын алуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда аталган башкармалыктан билдиришти.

Иш-чарага көрсөтүлгөн башкармалыктын Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана мектептин каттоосунда, ошондой эле коркунучу бар топто турган 180 өспүрүм катышты.  

Таймаштын жүрүшүн Райондук дене тарбия комитетинен түзүлгөн калыстар тобу баалашты.

“Бул иш-чара 1999-жылы демилгеленген. Кийин Бишкек шаарынын бардык райондоруна жайылтылып, салтка айланып келе жатат. Бул спартакиада эки максатты көздөйт: биринчиси - мыйзам бузуунун алдын алуу, экинчиси - спорт таланттарын табуу. Мындай таймаштан кийин балдар спортко олуттуу карап, дасыккан спорт чеберлери болгон улан-кыздар бар”,- деп билдирди Свердлов райондук спорт комитетинин төрагасы Талант Айталиев.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар белектерге ээ болушту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: