super.kg logo

Москвада кыргызстандык мигранттар муфтийге ажырашуу, боюнан алдыруу көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы аксакалдар кеңеши, кыргыз диаспораларынын лидерлери, коомдук уюмдар, кыргыз тилиндеги гезиттердин редакторлору, сатуу жана тейлөө кеңселеринин өкүлдөрү менен жолугушту.  Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул үч саатка созулган жолугушуунун алкагында Орусия мамлекетиндеги кыргызстандыктардын негизги көйгөйлөрү болгон ажырашуу, боюнан алдыруу, өлүктү мекенине жеткирүү жана кыргыз мигранттарынын диний билимдерин жогорулатуу маселелери талкууга алынды. Мындан тышкары “Кыргызстандын муфтияты Орусия мамлекетинде эмгектенип жатышкан мекендештерибиз менен тыгыз иш алып баруусу зарыл” деген сунуштарын жолугушуунун катышуучулары баса белгилешти.

"Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев үзүрлүү эмгектенип, КРнын экономикасына өз салымдарын кошуп жатышкан мекендештерибизге ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар кеңешинин төрагасына сыйлуу белегин тапшырды",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: