super.kg logo

Голландияда маңзат толтурууга ылайыкташкан электрондук тамеки чыгарылды

 

Голландиялык компания ичин маңзат менен толтурууга ылайыкташтырып дүйнөдө биринчи жолу электрондук тамекини жасап чыкты. Бул ачылыш легалдуу деп саналгандыктан, сатыкка чыкканда эле сатып ала башташкан.

Электрондук "косяк" башка баңгизаттар менен биргеликте сатылбайт, бирок каалоочулар аны марихуана менен толтуруп, тамеки катары колдонуп башташкан. Окшоштук болушу үчүн электрондук тамекинин сыртын да маңзаттын өңүндөй жанып турган түстө чыгарышкан. Бул продукцияны чыгарган компаниянын директору Менно Контант: "Голландия жеңил баңгизаттарына болгон толеранттуу мамилеси менен белгилүү. Жаңы тамекинин пайда болушу мыйзам чегинде жүргүзүлдү",- деп билдирген.

Буга чейин компания мөмө-жемиш даамданган электрондук тамекилерди чыгарып келген. Маңзат толтурууга ылайыкташкан электрондук "косяк" аталган өлкөнүн аймагында легалдуу деп эсептелет. Голландияда 1976-жылы баңгизатты сактоого жана колдонууга уруксат берилген. Бул тууралуу 24-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.06.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздеда женил наркотиктерди сактоого колдонуга уруксат беришибиз керек!
сапаты боюнча эн жакшыго биздики
25.06.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарга эчнерсе айтпа да. Эми мындай тамекини жоктон болсо да таап келишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: