Ахматбек Келдибековдун иши сотко өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иштин алкагында күнөө Б.Аманалиевага да коюлду. Ал "КРнын Социалдык фондунун башчысынын орун басары болуп иштеп жатканда мамлекетке зыян келтирген" деп айыпталууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “кылмышка катыштык” жана "коррупция кылмыштарына катыштыгы бар" беренелери боюнча айып тагылууда.
Ахматбек Келдибеков “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталып, бирок ал өзүнө тагылган айыпты угууга макул болбой келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

