super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы АКШ Конгрессинин иши менен таанышып келди

 

Жогорку Кеңештин делегациясы 16-20-июнь күндөрү аралыгында АКШда иш сапары менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, делегация “Мыйзам чыгаруу органындагы комитеттердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу” программасынын алкагында АКШ Конгрессинин, анын ичинде тармактык комитеттердин иши менен таанышып келди. Бул программага Грузия, Либерия, Перу, Чыгыш Тимордун мыйзамчылары да катышты.

Андан сырткары Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинде АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Лессли Вигери менен Жогорку Кеңештин делегациясынын жумушчу жолугушуусу болду. Тараптар Кыргызстанда парламентаризмдин калыптанышы, өлкөдө мыйзам чыгаруу органынын мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча кыргыз-америкалык кызматташтык мамилелерди андан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышты.

Америка тарап мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча кыргыз парламентине караштуу илимий-изилдөө борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү кызыкчылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: