Ош. Алайда Мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата бир катар кызматкерлер сыйланышты






23-июнда Алай районунда КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Фото: Алай райадминистрациясынын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, район акими Таалайбек Сарыбашов кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге сыйлык тапшырды. Райондук мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси Аскарбек Машеров, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүнүн башкы адиси Токтогул Бегиев, Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Омуткан Калдыбаева жана Алай райондук паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Нурзат Эркинбаева район акиминин колунан Ардак грамоталарды алышты. Майрамдык салтанаттын соңунда Алай райондук маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
erali

25.06.2014. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алайда ушул сыяктуу бир катар жакшы иштер да бат баттан уюштурулуп турат,Алай элинин жол тосуудан башка да коптогон мыкты иштерди жасоо колдорунан келет.Гулчо бугун шаарга айланып бара жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.