super.kg logo

Баткенде сурьма комбинаты ишке кирет

 
24-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков сурьма комбинатынын жетекчисинин орун басары Нурлан Кабвешев менен жолукту. Бул тууралуу 25-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда комбинатты тез арада ишке киргизүү боюнча талкуу болду. Нурлан Кабвешев Кадамжай районунун акими жана тиешелүү органдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жер маселеси чечилип жатканын билдирди. Ошондой эле эки жерде ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын, эгер газ маселеси чечиле турган болсо, заводдун толук ишке кирерин билдирди. Мындан тышкары Тажикстан аркылуу ооган концентратын жеткирүү боюнча Ооганстан менен түзүлгөн келишим бар экенин жана бул иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Жеңиш Разаков сурьманын стратегиялык материал экенин белгилеп, негизинен Европа өлкөлөрүнө экспорттолорун маалымдап, тиешелүү органдар менен сүйлөшүп, маселени бирге чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Мындан тышкары сырьёлорду алууда жеке ресурстарды табуу керектигин жана мүмкүн болсо мазутка өтүүнү сунуштады. Ошондой эле жумуш орундарын көбөйтүү менен комбинаттын жумушчуларынын айлык акыларын көтөрүү маселесин талкуулаш керектигин айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: