Аламүдүн районундагы Пригородное айылында жеке менчик ишкана өрттөнүп, кырсыктан 1 адам ооруканага жеткирилди
Аламүдүн районундагы Пригородное айылында жеке менчик ишкана өрттөнүп, кырсыктан 1 адам ооруканага жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-январда кечки саат 20:00дө аталган айылдагы жеке ишканада өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр барганда мекеменин 200 чарчы метри күйүп калган. Өрт күч алган маалда имараттын ичиндеги газ баллон жарылган. Тилсиз жоодон 31 жаштагы ишкананын жумушчусу жабыр тартып, шаардык ооруканага жеткирилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери изилденүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.