Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 344 майыптар коляскасы берилди
КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 344 майыптар арабасын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Алардын 288и чоңдор үчүн болсо, 56 коляска балдарга ылайыкталган.
Белгилүү болгондой, мурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге коляска 7 жылга колдонууга берилсе, 2014-жылдан тартып ал көрсөткүч 5 жыл деп бекитилген. Кошумчалай кетсек, бул кызмат бекер жүргүзүлөт. Майыптарга арабаны "Протез-ортопедиялык буюмдар" республикалык бирикмеси жасайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.