Бишкек мэрине шаардагы токтоп турган лифттерди оңдоо сунушталды
Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар Чыгыш-5 кичи районундагы токтоп турган 2 лифтти оңдоону Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовго сунушташты.
Депутаттардын айтымында, эгер ушул лифттер иштебей тура берсе, жарандар мэрияга ишенбей калышат. Буга К.Кулматов: “Шаарда лифттердин көбү эскирип калган. Бул маселени карап жатабыз. Учурда 2-3 уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бишкекте лифттерди оңдоочу ишкананы ачууну түзүүгө аракет көрүлүүдө. Бул маселе кымбатка түшүп жатат”,- деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















