Кыргызстанда 2013-жылы айыл чарба тармагына 340,8 миң тонна жер семирткич керектелет
2013-жылы айыл чарбасына 340,8 миң тонна жер семирткич керек экенин КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Азоттук жер семирткичтер - 200 миң тонна, фосфордук каражаттар - 129,1 миң тонна жана 11,7 миң тонна калий жер семирткичтери керек. Азыркы учурда республикада 13 фирманын кампаларында 8 694 тонна минералдык жер семирткич бар. Анда 8 509 тонна аммиак селитрасы, 140 тонна – аммофос жана 45 тонна суперфосфат каражаттары сакталууда. Январь айынын орто ченинде Өзбекстандан 70 миң тонна жер семирткич алып келүү пландалып жатканын билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

