Бишкектин Түштүк магистраль-Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайды жок кылуу маселеси кайра көтөрүлдү
Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Мирлан Жээнчороев шаардын Түштүк магистраль-Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайды жок кылуу маселесин кайра көтөрдү.
Бул тууралуу мэр Кубанычбек Кулматов: “Мэрия бул маселе боюнча эч нерсе кыла албайт. Аталган май куюучу жайды куруп жаткан уюм менен соттук иштер жүрүп жатат. Соттун токтомун күтүп жатабыз. Ошого ылайык иш жүргүзөбүз”,- деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 19-ноябрында Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында АЗСтын иштешине жол берилбесин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.