super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугундагы эл сүймөнчүктөрү: Неймарга ишенген Бразилия...

 
Коргонуу мыкты болсо, чабуулда да ийгилик жаралат.
Команданын капитаны - Тиаго Силва.
Машыктыруучу Луис Филиппе Сколари эң жоопкерчиликтүү тапшырмаларды Неймарга тапшырат.
Неймар болсо тапшырмаларды так аткарганга аракет кылып, командага жеңиштерди алып келип жатат.
Неймар болсо тапшырмаларды так аткарганга аракет кылып, командага жеңиштерди алып келип жатат.
Чабуулдардын баары Неймардын катышуусу менен болот.
Бурчтан чыгарып берүүнү, пенальтини, айып соккуларынын баарын Неймар аткарууда. Мындайча айтканда, ал команданын "дирижёру".
Бразилиялыктар өз өлкөсүнүн гимнин өтө берилүү менен аткарышат.
Бразилиялыктар өз өлкөсүнүн гимнин өтө берилүү менен аткарышат.
Бразилиянын бирдиктүү команда экенин бул сүрөт айтып турат.
Бразилиялыктардын оюндары стадион толо элдин сүрөөнү алдында өтүүдө. Албетте, бул үчүн оюнчулар күйөрмандарга ыраазычылык билдиришет.
Орусиянын Премьер Лигасында ойногон Халк өз көлөмүнө карабай Бразилиянын курамында айырмалана албай жатат.
Марселого каршы көп эреже бузулуп жатат.
Бразилиялыктар майданга чыгар алдында өзүлөрүн өтө эле эркин кармашат.
Гол кубанычын майрамдап жаткан Давид Луис.
Позициялык чабуулдарда Бразилия өтө тыкан ойноорун билебиз. Бул, албетте, машыктыруучунун тапшырмасы менен болууда.
Команданын кийим которуучу жайы.

Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы акырындык менен жыйынтыкталууда. Чемпиондук үчүн болгон күрөш эми башталат. Ушуну эске алып, жарым чейрек финалга (1/8 финалга) чыккан командалардын өзгөчөлүктөрүнө токтолмокчубуз. Алгач кеп, албетте, үй ээси Бразилия тууралуу болот. Бразилия 4 жыл мурун эле алсыз болуп калганы, ири мелдештерде башкы фаворит саналбасы айтылган. Бразилиялыктар акырындык менен жаштардан турган күчтүү курамды түзүп, алгач 2013-жылы өткөн Конфедерация Кубогунда ийгилик жаратып, чемпион болду.    

БҮГҮНКҮ БРАЗИЛИЯ КУРАМАСЫ

Капитаны: Тиаго Силва

Лидери: Неймар

Башкы машыктыруучусу: Луис Филиппе Сколари

Бомбардир: Неймар (3 оюн, 4 гол)  

Бир сөз менен айтканда: “Бразилиянын азыркы курамында коргонуу өтө күчтүү. Башкы курамда ойнобогон коргоочуларыбыз да Европанын ири клубдарында ойнойт. Тилекке каршы, бизде анчалык күчтүү чабуулчулар жок. Мен мыкты чабуулду көргүм келген”. Пеле  

 

ТАЙПАДАН ОҢОЙ ЧЫКТЫ

13-июнь. Бразилия - Хорватия - 3:1. Бразилия-Хорватия беттеши ачылыш аземинен кийин эле болду. Мелдештеги алгачкы оюнду ойноо, албетте, кыйын болот. Анын үстүнө бразилиялыктар мелдешти өз үйүндө кабыл алып жаткандан кийин мелдештин деңгээлин биринчи оюнда көрсөтүүгө тийиш эле. Хорватияга каршы оюнда “чырдуу пенальти оюнду бузду” деген ойлор айтылып, кийин токтоду. Бразилия 3 упай алып, андай кептерди кулак сыртынан кетирүү менен сапарын алдыга карай уланта берди.  

17-июнь. Бразилия - Мексика - 0:0. Алгачкы оюнда “кылычынын мизин” көрсөтө албаган бразилиялыктардан күйөрмандар көптү үмүт кылышып, тайпадагы дагы бир фаворит Мексиканы утарын айтышкан. Атаандаштын жогорку чеберчилиги, тактикалык тапшырмаларды жетиштүү ойнобогону бул оюнда голдун кирүүсүнө жол берген жок. Натыйжада 2 команда тең чыгууга ыраазы болуп, эсептерине бирден упай жазышты. Бул оюн Бразилиянын тайпадан сөзсүз чыгарын айтып турган.  

24-июнь. Камерун - Бразилия - 1:4. 2-турдун жыйынтыгында 4 упай топтогон үй ээлери тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн Камерунга каршы беттешти жеңүүгө тийиш эле. Көпчүлүк күткөндөй, футболдун мекенинде төрөлгөн уландар муну да ишке ашырып, 7 упай менен кийинки баскычка чыгышты.

 

ЧИЛИНИ ТОКТОТОБУ ЖЕ ӨЗҮ ТОКТОЙБУ?

1/8 финал

28-июнь. Бразилия – Чили  

Бразилия өз тайпасынан биринчи болуп чыгып, кийинки баскычта “В” тайпасынан экинчи болуп чыккан Түштүк Американын өкүлү Чили менен кез келмей болду. Эми алар Чилини токтотушабы же өзүлөрү токтотулушабы? Чынында, бул суроонун жообун оюн учурунда гана ала алабыз. Себеби бул эки команданын тең жеңишке жетелей турган сапаттары бар. Андан тышкары "үй ээси жеңиши керек" деген мыйзам да жок. Мелдеш Түштүк Америкада өтүп жаткандыктан, Чили да өз үйүндө жүргөндөй ишенимдүү оюн көрсөтүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
25.06.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неймардын жылдызы жанып турган кези экен
25.06.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чили токтойт Бразилияга токтогонго жол жок.
25.06.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразиляны Чили кыыыйк эткизип токтотуп койсо а? Соонун болмокда чиркин!
28.06.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Danel, оа, жаман сынышат.
28.06.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коста-Рика алга
28.06.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аты чыкпаган өлкө чемпион болушун каалайм.
28.06.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гол бразилия
28.06.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пока 1-1
29.06.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия утту.
29.06.2014. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
халк кучтуу ойнойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: