super.kg logo

Жалал-Абадда «Экстремист» операциясы жүргүзүлүп, «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

 
24-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда «Экстремист» операциясы жүргүзүлүп, «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ырыс айыл округунун тургундары Р.Турсункулов, М.Юлдашев, Сузак айыл  округунун тургуну Х.Саражидинов, Кургак-Көл айылынын тургуну А.Абдурахимов жана Базар-Коргон айылынын  тургуну Б.Давроновдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада экстремисттик багыттагы 42 даана китеп, 112  даана ар кандай түрдөгү (СD, DVD) компакт-дисктер, 12 даана флеш-карта, 3 даана компьютердин блок  системи, 6 даана дептер, 7 даана телефон, 18 даана баракча, 2 даана журнал, 3 даана видео-кассета, 3 даана аудио-кассета, ошондой эле Р.Турсункуловдун үйүнөн 12-калибрдеги ИЖ-58 №Н 7227 беш ок баткан курал 10 огу менен алынды.

Азыркы убакта бул алынган далил буюмдар Ош шаарындагы теологиялык экспертизага жиберилип, кармалган  жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин кок меелигинен ушулар пайдаланып озуно тартып атышат!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: