super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште этникалык кыргыздардын жашоосун жеңилдете турган мыйзам долбоору каралууда

 

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында кайрылмандарга бөлүнчү квотаны алып салуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору каралууда. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, кайрылмандардын Кыргызстанга кайтып келүү квотасын алып салуу үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жатат. Тактап айтканда, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде кайрылман макамын берүү, алардын тийиштүү документтерисиз эле ишке орношуусуна шарт түзүү да сунушун киргизүүдө. "Алар бизди караан тутуп келсе, бизде тоскоолдуктар көп болуп жатат. Аларга жеңилдик беришибиз керек",- дейт министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: