Министр Алиясбек Алымкулов “мага бийлик жетишпей жатат” деди

Парламенттин 25-июндагы жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов “мага бийлик жетишпей жатат” деп билдирүү жасады. Айтымында, миграция маселеси, этникалык кыргыздардын көйгөйүн чечүү боюнча аталган министрликтин укугу чектелип жатыптыр. “Бизге бийлик берилгенде гана алдыга жылыш болот. Азыр бийлик Мамлекеттик каттоо кызматында жана башкаларда. А сөгүш угуу, саясат иши бизде”,- дейт Алымкулов. Мындай билдирүүдөн кийин депутаттар "бийлик жетиштүү эле, министр болуп туруп минтип айтпашыңыз керек эле" дешти.
Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров "бул шылтоо жарабайт, өкмөт өкүлдөрү өз ара карым-катнаш менен иштешиңер керек" деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

