super.kg logo

Нарын абагында ачкачылык акциясын улантып жаткандардын жубайлары президентке кайрылуу жасашты

 

Нарын абагында 11 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жатышкан Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбековдун жубайлары Дамира Садырбаева жана Эрке Муратова президентке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу, бүгүн 25-июнда маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, айыпталып жаткан жолдоштору ак жеринен камакта отурушат.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович! Камактагы күнөөсүз укук коргоочулар Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбековду кепилдикке чыгарып беришиңизди сурайбыз. Кылмыш кылган милициялар жана коопсуздукту камсыз кылбай койгондор жоопко тартылышсын. А.Мамбеталиевди өлтүргөн милициялар камалсын. ИИМдеги коррупционерлер жумуштан кетсин. Мени айтты деп булар мени жана үй-бүлөмдү куугунтуктабасын. Сизди мени жана менин үй-бүлөмдү коргойт деп ишенем”,- дейт айыпталып жаткан Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева. 

Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: