super.kg logo

Ош шаарында Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин куруу үчүн марафон өттү

 
Ош шаарындагы Улуттук драма театрында бүгүн, 25-июнда Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга каражат чогултуу максатында марафон өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага вице-мэр Ильичбек Эргешов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Гүлмира Садыкова жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, бир катар бөлүм башчылар катышты.
Анда Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов чыгып сөз сүйлөдү. «Биз өлкөбүздүн маданиятын көтөрүүдө улуу инсандардын эмгегин бийик деңгээлде баалашыбыз керек. Сүймөнкул Чокморов дүйнөлүк масштабдагы улуу инсан. Андыктан кыргыздын тарыхын кийинки муунга жеткирүү - баарыбыздын милдетибиз»,- деди ал.
Ал эми Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдырахмановдун айтымында, эстелик Бишкек шаарындагы Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын бийиктиги 5 метрди түзөт. Эстеликти куруу үчүн жалпысынан 20 миллион сом өлчөмүндөгү каражат керек. Ал эми учурда ага 5 миллион сомдон ашык каражат чогулган. Келерки марафон Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: