super.kg logo

Жогорку Сот Дмитрий Цойду эки айга камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын күчүндө калтырды

 

Жогорку Сот Дмитрий Цойду эки айга камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 23-июнда Жогорку Сотто ишкер Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы каралмак. Бирок ал жактоочунун өтүнүчү менен 25-июнга жылдырылган.

Айта кетсек, “паспорт падышасы” атыккан Дмитрий Цой 2014-жылдын 6-май күнү адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту “Интел-Линкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган. Бирок ага айыпталуучунун жактоочусу макул болбой шаардык сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту 26-май күнү Биринчи Май райондук сотунун 8-майдагы чечимин күчүндө калтырган эле. Мындан улам ишкердин жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. Өз кезегинде Жогорку Сот Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук сотунун Д.Цойду №1-СИЗОдо 2 айга камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын күчүндө калтырды.

Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОдо отурат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: