super.kg logo

Кореядагы "Севоль" кемесинин кыйроосунан аман калган окуучулар кайрадан мектеп босогосун атташты

 

Кореядагы "Севоль" кемесинин кыйроосунан аман калган 70тей окуучу кайрадан мектеп босогосун аттады. Алар менен кошо бул кырсыктан каза болгондордун ата-энелери, жакындарын эскерүү сөздөрү жана аман калгандарды колдогон жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишти. Күбөлөрдүн айтымында, бул салтанат учурунда көпчүлүк көз жашын тыя алышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.

18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган эле. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз  милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган. 

Учурда экипаждын 15 мүчөсүнө кылмыш иши козголду. Алардын төртөө "адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: