Ысык-Көл облусу эртең боло турган квоталарды аңчылар арасында бөлүштүрүү сынагына катышпайт
Ысык-Көл облусу эртең, 26-июнда боло турган квоталарды аңчылар арасында бөлүштүрүү сынагына катышпайт. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квоталарды аңчылар арасында бөлүштүрүү сынагынын ар бир райондо өткөрүлүүсүн колдоп, Республикалык токой жана аңчылык түзүлүш департаментине өкүлдөрдү жиберүүнү негизсиз деп эсептешет. Мындан сырткары Нарын облусу да каршы экендигин билдирүүдө.
“Ошол себептен Ысык-Көл облусу жапайы жаныбарлардын саны азайып кеткендигине байланыштуу мароторий жарыялоо сунушун киргизет”,- деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.