super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков ыңгайсыз суроолору менен айыл чарба министринин айласын кетирди

 
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында депутаттар “Кумтөрдө” мөңгүнү бузууга уруксат бере турган мыйзам долбооруна кескин каршы чыгышууда. Депутат Исмаил Исаков айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди мектеп окуучусу өңдүү бир катар ыңгайсыз суроолору менен жарга такады. Сүйлөшүүнүн тексти төмөндө:

Исаков: - Урматтуу министр, сиз кайсы тармакка жооп бересиз? Санап бериңизчи?

Айдаралиев: - Бул мыйзам аркылуу...

Исаков: - Мен конкреттүү суроо бердим, кайсы тармакка жооп бересиз? Мөңгүгө жооп бересизби?

Айдаралиев: - Жок.

Исаков: - Эми экинчи суроо, өсүмдүк өсүш үчүн эмне керек?

Айдаралиев: - Эмне керек эле, жер керек.

Исаков: - Дагы?

Айдаралиев: - Суу керек.

Исаков: - Аба керек, күн керек, туурабы? Мына, тармакка тиешеси жок адам мөңгүлөр жөнүндө мыйзам сунуштоодо. Өзүңүзгө тийиштүү маселе көтөрүп чыкпайсызбы? Өсүмдүк боюнча мыйзам сунуштаңыз. Өзүнүн тармагын билбеген министрди отставкага кетирүүнү “Ар-намыстын” лидери Куловго сунуштайм. Мөңгү болбосо эмне болот? Суу болбойт, суу болбосо өсүмдүгүң да, адамың да өлөт... Бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырам...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: