super.kg logo

Аялдын денесин бөлүктөргө бөлүп, мыкаачылык менен адам өлтүргөн жаран 13 жылга эле кесилди

 

13 жылга эркинен ажыратылган Наиль Надиров абакта 9 жыл болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Соттон кабарлашты. 

Сот КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, кылмышкердин сотко чейинки сурак учурунда түзөтүү колониясында өтөгөн жазасынын 1 күнүн 2 күн катары эсептөөнү буйруду. Эсептөөлөр боюнча 2014-жылдын 11-январынан тарта Наиль Надировдун колонияда өтөгөн 162 күнү 324 күн болуп эсептелип, берилген 13 жылдык жаза мөөнөтү 1 жылга кыскартылмакчы. Ошондой эле ал КРнын 2014-жылдын 28-январындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата чыккан мунапысына илингендиги белгилүү болду. Бул Наиль Надировго берилген жазанын төрттөн бир бөлүгү кыскартылат дегенди билдирет.

Надировго 13 жыл берилип, анын 1 жылы түзөтүү абагында отурган күндөрү менен жоюлса, калган 12 жылдын төрттөн бир бөлүгү кыскартылганда, жалпысынан кылмышкер 9 жылга эркинен ажыратылат.

Буга катар эле КРнын Кылмыш жана жаза кодексиндеги 96-берененин 1-бөлүмүнө (аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан, ВИЧ инфекцияларынан жабыркагандарды абактан медициналык дарылоодон өткөрүү) ылайык, Надировду баңгиликтен дарылоо курсунан өткөрүүнү милдеттендирди. Каза тапкан Карина Кыштобаеванын туугандары тараптын материалдык чыгымы үчүн 336 278 сом, моралдык чыгымдары үчүн кылмышкердин 500 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүсүн буйруду. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган Наиль Надиров кармалган.
 

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.06.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас, жашоо коркунучтуу болуп калды.
26.06.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
It eken'go kesepet!
27.06.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza-2014,
Түшүнүксүз комментарийиңиз өчүрүлдү. Порталдын эрежелерин эске алсаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: