super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугундагы эл сүймөнчүктөрү: Тажрыйба менен жаштыкты айкалыштырган Голландия (фотолор)

 
Башкы машыктыруучу Луи ван Галдын Европадагы эң орой машыктыруучулардан экени белгилүү. Жаш оюнчулар анын талабын так аткарып жатышабы, демек, жеңиштер улана берет.
Арьен Роббен команданын ары тажрыйбалуу, ары ыкчам оюнчусу. Аны "унаанын мотору" десек аша чаппаспыз.
Голландиянын чабуулунун негизги күчтөрү ван Перси, Роббен жана Снейдер Испания менен болгон оюнда...
Голландия орой оюну менен да айырмалана алат.
Робин ван Персинин Испаниянын дарбазасына киргизген голу аңыз болуп, кийинки чемпиондуктарда да айтылып каларынан шек жок.
Арьен Роббен испаниялыктарды оонатып, шылдыңдуу гол киргизе алды.
Австралиянын коргоочулары жана дарбазачысы ыкчам кыймылдаган Арьен Роббенди токтото алышкан жок.
Машыктыруучу менен оюнчунун ортосундагы сый мамиле жеңиш жаратып жатат. Капитан менен башкы машыктыруучу...
Испаниянын дарбазачысы Икер Касильяс үчүн атаандаштын алдында тизелебей коюуга мүмкүн эмес эле.
Голландиянын оюнчулары европалык башка командалардай болуп туруп калбай, топ үчүн күрөштү акыр аягына чейин жүргүзүп жатышат.
Голландиянын негизги курамы...
Робин ван Перси...
де Йонгду да орой оюну үчүн көпчүлүк жакшы билип калган.
Жаш оюнчулар да чечүүчү голдорду киргизүүгө жетишип жатышат. Мисалы, Чилиге алгачкы голду сүзүп киргизген Лерой Фер жана оюнга чекит койгон Мемфис Депай.
Жаш оюнчулар да чечүүчү голдорду киргизүүгө жетишип жатышат. Мисалы, Чилиге алгачкы голду сүзүп киргизген Лерой Фер жана оюнга чекит койгон Мемфис Депай.
Голландиянын күйөрмандары...
Голландиянын күйөрмандары...
Голландиянын күйөрмандары...
Голландиянын күйөрмандары...
Голландиянын күйөрмандары...

Тажрыйбалуу насаатчы Луи ван Гал жетектеген Голландия - бул чемпиондуктун эң жаш курама командасы. Жалпы курамдын орточо жашы 23,1ди түзөт. Албетте, бул курамда тажрыйбалуу футболчулар да жок эмес. 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугундагы курамдан 4 оюнчу чакырылган. Алар: Робин ван Перси, Арьен Роббен, Уэсли Снейдер жана Найжел де Йонг. Башкы машыктыруучу Луи ван Гал өз командасынын оюнун дал ушул тажрыйбалуу оюнчулардын жана таланттуу, жаш оюнчулардын айкалышуусунда түзүп отурат. Бул команданын негизги өзгөчөлүгү болуп бекем коргонуу жана ыкчам каршы чабуул саналат.

Бүгүнкү Голландия курамасы:

Капитаны: Робин ван Перси  

Лидерлери: Робин ван Перси, Уэсли Снейдер жана Арьен Роббен

Башкы машыктыруучусу: Луи ван Гал

Бомбардирлери: Робин ван Перси (2 оюн, 3 гол), Арьен Роббен (3 оюн, 2 гол), Мемфис Депай (2 оюн, 2 гол). 

Урааны: “Чыныгы эркектер кызгылт сары кийишет”

ИСПАНИЯНЫ ООР НОКДАУНГА УЧУРАТТЫ

14-июнь. Испания-Голландия 1:5. “B” тайпасындагы Испания-Голландия беттеши бул мундиалда эң мыкты оюндардын катарына талашсыз кирет. Акыркы жылдары дүйнөнү дүңгүрөткөн Испанияга кантип туруштук бериш керек экенин ушул оюнда дал Голландия көргөздү. Бекем коргонуу жана чагылгандай бат уюштурулган “кызгылт сарылардын” чабуулдары чемпиондун коргоочуларынын таш талканын чыгарды. Жыйынтыгында 2ден гол киргизген Робин ван Перси жана Арьен Роббен Испанияны нокдаунга учуратты.

18-июнь. Австралия - Голландия 2:3. Чемпионду ири эсепте жеңүү менен өздөрүнө ишенимдерин арттырган Луи ван Галдын оюнчулары экинчи оюнда да мыкты физикалык даярдыгын көрсөтө алышты. Атаандаш команда Австралия алардан кем калбай ойносо да, баары бир жеңишти Голландия камсыздады. Ооба, себеби Робин ван Перси “кызгылт сарыларда” ойнойт.     

23-июнь. Голландия-Чили 2:0. 2-турдук оюндарда эле 1/8 финалга жолдомо алган эки команда тайпадагы биринчиликти өз ара оюнунда чечип алышты. Оюндун жыйынтыгын алмашууга чыккан жаш, чебер футболчулар Лерой Фер жана Мемфис Депай чечип коюшту. Жыйынтыгында Голландия 9 упай менен “B” тайпасында биринчиликти камсыздады.

ГОЛЛАНДИЯ ЧЕМПИОНДУККА БАШКЫ ТАЛАПКЕРБИ?

1/8 финал

29-июнь. Голландия – Мексика  

Көпчүлүк адистер Голландияны чемпиондукка башкы талапкер катары көрө башташты. Ооба, бул сөздөрдү негизсиз деп айтууга да болбойт. Бул мундиаль Голландиянын таланттуу үчилтигинин (ван Перси-Роббен-Снейдер) чемпион болууга акыркы мүмкүнчүлүгү. Алар бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышабы? Такшалган тажрыйба менен энергиясы ашып-ташкан жаштыктын айкалышынын жыйынтыгы кандай болот? Жыйынтыгын плей-оффтук оюндар көрсөтөт. Алдыда алгачкы атаандаш. Мексика. Өткөрүп жибербеңиз... 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.06.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга голандия
29.06.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
голандияга жениш каалайм
29.06.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага ким жениши айырмасы жок. Бразилияга куйормандык кылам . Бразилиянын фанаттары барбы я? Же мен эле жалгызмынбы??
30.06.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, мен бар
30.06.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, мен сиз мененмин ))) Бразилия АЛГААА АЛГАА Неймар СУПЕР !!!
30.06.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нидерланды голландия бирби
30.06.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен германиянын фанатымын ошон учун галандияга жон гана ийгилик
30.06.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Нидерланды ( Голландия)! Мен 2010-жылы да күйөрмандык кылганмын, а быйыл чемпион болушуна ишенемин. Голландия Нидерландыдагы эң негизги 2 облустардын аталышы ( Түндүк жана Түштүк Голландия, бул облустарда борбор шаары Амстердам, Гаага, Роттердам жана Женева сыяктуу шаарлары жайгашкан).
30.06.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NurbekKG, Женева Швейцариядагы шаар.
30.06.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NurbekKG, рахмат
30.06.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nederland holland jeri kooz, eli da abdan kichi peiul, suikor kelishet. Jerinin kopchylyk bolygyn syy kaptap tyrat.Kalkunun sanu 16 mil-don ashat.Ar tyrlyy tyrkyn gyldor, sur, jashulcha j.b chet mamileketterge exportolyp tyrat. Jeri bizdin kyrgyzstandan aiabai ele kichine birok bai mamleket. Men Hollanddu koldoim.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: