super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Ак-Талаа районунда өрт кырсыгынан бир адам каза болду

 

15-январь күнү саат 08:05 чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында өрт кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Тилсиз жоо жергиликтүү жашоочу Ж.Капаковдун үйүндөгү буюм-тайым сактаган кампасында болгон. Айылдагы Г.Семенистов аттуу үй-жайсыз жаран ошол өрт чыккан кампада үй ээсинин макулдугу менен жашап жүргөн. Кампа толугу менен күйүп, ал жерден Семенистовдун жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгышына чылым чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгону айтылууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: