Бишкекте “Биз 2015-жылдан кийинки өлкөнү өнүктүрүү программасында” аталышында жаш активисттердин форуму өтөт
7-13-июлда Бишкекте “Биз 2015-жылдан кийинки өлкөнү өнүктүрүү
программасында” аталышында жаш активисттердин форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу
уюштуруучулар билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Белгилүү болгондой, бул форумда активисттер
жаштардын укуктарынын, 2015-жылдан кийинки өнүгүү программасынын ишке ашуусу үчүн
биргелешип аткарыла турган иш-аракеттерди аныкташат. Иш-чарага 14-28
жашка чейинки жаштар катыша алышат.
Иш-чаранын максаты - жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу кампания түзүү жана анын иш-аракеттерин аныктоо.
“Бул форумдун эшиги бардык жаштар үчүн ачык. Иш-чарага жаш активисттер жана лидерлер, жарандыгы бар жана жок адамдар, өспүрүмдөр, өзгөчө кыздар, айыл жаштары, жаш энелер, чыр-чатакка тийиши барлар, качкындар, наркотикалык заттарды колдонгон жаштар, студенттер, мигранттар, туруктуу жашай турган жери жоктор, көчө жаштары, интернаттын тарбиялануучулары, өзгөчө керектөөлөргө муктаж болгон жаштар, ЛГБТ, ВИЧ менен жашагандар жана башкалар катышса болот”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.