super.kg logo

Американын соту Бостон шаарындагы жардыруу боюнча айыпталган кыргызстандыкты күрөөгө бошотпой койду

 

АКШнын соту “Бостон шаарында өткөн марафон учурундагы террордук чабуулга тиешеси бар” деп айыпталган кыргызстандык 23 жаштагы Хайрулложон Матановду күрөөгө бошотпой койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, судья Мэриэнн Боулер “чет мамлекеттерде Х.Матановдун туугандары жана достору бар болгондуктан, ал АКШдан качып кетиши мүмкүн” деген коркунуч менен аны камакта калтырды.

Дүйшөмбүдө өткөн соттук отурумдун жүрүшүндө Матановдун жактоочусу Эдвард Хейдендин айтымында, анын кардары полицияга өзү келип, Царнаев менен тааныш экенин билдирген. Ал эми прокурорлор “Матанов полицияга аргасыз келген” деп айтышууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда туулган Хайрулложон Матановго “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деген айып тагылган. КРнын Тышкы иштер министрлиги АКШда Матановго качкын статусу берилгенин билдирген. Ал эми соттук отурумдун жүрүшүндө ал ага тагылган күнөөнү моюнуна алган жок.
"2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: