super.kg logo

Нигерия: Жардыруудан 21 адам каза таап, 17 адам жаракат алды

 

Нигериянын борбору Абуджа шаарындагы соода борборлорунун биринде жардыруу болуп, анда 21 адам каза таап, 17 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Күбөлөрдүн айтымында, каргашалуу окуя чак түштө болгон. Алар окуянын алдында кийимдери кан болгон кишилердин чуркап өтүп бара жаткандарын көрүшкөнүн айтышкан.
Учурда бул кылмышка “Боко Харам” радикал-экстремисттери шектелүүдө. Анткени алар тарабынан буга чейин бир нече жардыруулар болуп, бир нече адам каза болгон. Мындан сырткары апрель айында “Боко Харам” радикал-экстремисттери тарабынан 270 окуучу, 24-июнда 90го жакын жаш бала уурдалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: