Социалдык өнүгүү министрлиги: Июнь айында жөлөк пулдарды төлөөгө 490 миллион сом багытталды
2014-жылдын июнь айында мамлекет тарабынан колдоо катары калкка берилүүчү социалдык жардамга 490 миллион 83,2 миң сом багытталды. Анын ичинде 359 миллион 547,2 миң сом жөлөк пул катары берилди. Акчалай жеңилдиктер жана компенсациялар, ритуалдык жөлөк пулдарга 120 миллион 16,7 миң сом бөлүнсө, кош бойлуулук жана төрөттөргө 10 миллион 519,3 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу 26-июнда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.