super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жол буугандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

 

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы жарандардын эркин жүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун конституциялык укуктарын коргоо, жеке жана мамлекеттик менчикти коргоону күчөтүү максатында иштелип чыккан.

“Концепцияга ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолдорун мыйзамсыз тоскондугу, ошондой эле олуттуу зыян келтиргендиги үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү сунуш кылынат. Андан тышкары мыйзам долбоору менен кесепеттердин оордугуна жараша эгерде бул жосун 24 сааттан ашык улантылса, стратегиялык маанидеги автомобиль жолун мыйзамсыз тоскондугу үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленет”,- дейт депутат Майрамбек Расулов.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: