super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "судьяларга кылмыш ишин башкы прокурор гана козгойт" деген ченемди кайра иштетүү маселеси талкууланды

 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июнда "Судьялардын статусу жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Депутат Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрында кабыл алган чечимин аткаруу максатында иштелип чыкты. "КРнын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамдын кийинчерээк жокко чыгарылып калган "судьяларга карата кылмыш иши башкы прокурор тарабынан козголот" деген ченемге кайрадан кайтып келүү сунушталууда.

"2012-жылы мыйзамга кезектеги түзөтүү киргизилип, ага ылайык облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна да судьяларга карата кылмыш ишин козгоого уруксат берилген. Аны азыр Конституциялык палата конституциялык ченемге жатпайт деп тапкандыктан, мындай жобону жокко чыгаруу зарылдыгы келип чыкты",- дейт баяндамачы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: