Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Райымбаев курортто акысыз эс алып келет

Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Райымбаевге курортто эс алууга акысыз жолдомо берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ж.Райымбаев министрликтин Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборунда акысыз медициналык текшерүүдөн өткөн. Мындан тышкары аталган министрлик ага Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринде дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жеңишбек Райымбаев "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун адамдардын бири катары кирген. Анын бою - 2 метр 36 сантиметр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
adidilet

26.06.2014. 17:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх..тайкеша убагында жакшылап караганда сизден мыкты баскетболчу чыгып, НБАны кырат элеңиз..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.