super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Ысык-Көл райондук администрациясы документ иштеринин баарын кыргыз тилинде жүргүзүүнү талап кылууда

 

Ысык-Көл райондук администрациясы документ иштеринин баарын кыргыз тилинде жүргүзүү демилгесин көтөрүүдө. Райондук жетекчилик 2013-жылдын 1-январынан баштап райондун атына келген иш кагаздар  мамлекеттик тилде жазылбаса, кайсы мекеме болсо да кайра жөнөтүлүп, анын мамлекеттик тилде жазылышын талап кылууда. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Акимдин биринчи орун басары Р.Борбукеева 15-январда мектеп мугалимдери, ата-энелер, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда аларга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: