super.kg logo
  Саясат  

“Энергетика жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, өкмөт Жогорку Кеңеш менен тарифтерди макулдашпайт

 

26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (“Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” мыйзамдар) каралды.

Мыйзам долбоору отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү саясатын калыптандыруу боюнча функцияларды так бөлүштүрүү, ошондой эле тармактык жөнгө салуу органынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ошону менен бирге ушул мыйзам долбоор монополияга каршы орган менен энергетика жаатында жөнгө салуучу орган ортосундагы электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди бекитүүдө ыйгарым укуктардын кайталанышын “КР табигый жана уруксат берилген монополиялары жөнүндө” мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен чектөөгө багытталган.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, бул мыйзам долбоордун максаттарынын бири көз карандысыз эсеп борборун түзүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү жана энергетика секторун натыйжалуу башкарууну уюштуруу боюнча мамлекеттик саясатка ылайык электр энергиясына тарифти белгилөөнү саясаттан алыстатуу болуп эсептелет. “Энергетика жөнүндө” мыйзамдын сунуш кылынып жаткан редакциясына ылайык, өкмөт эгерде өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, Жогорку Кеңеш менен тарифтерди макулдашпайт. Ошентип, тарифтерди Энергетика министрлигине баш ийбеген жаңы түзүлө турган КРнын Өкмөтүнө караштуу Жөнгө салуучу агенттик аныктаары белгилүү болду.

Депутаттардын талкуусунан соң мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: