super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Алжир курамасы Орусияны үйүнө айдады (фоторепортаж)

 
Алжирди колдоп келген күйөрмандар...
Орусиянын күйөрмандары...
Орусия ылдам гол киргизүүнү ишке ашырды. Голду Александр Кокорин өз эсебине жазды.
Голдун автору командалаштарынын куттуктоосун кабыл алып жатат. Бул учурда Орусия бир буту менен кийинки баскычта болчу.
Эрте киргизилген гол күйөрмандардын маанайын көтөрдү.
Оюн андан ары курч мүнөздө уланды.
Оюнчулардан тышкары башкы машыктыруучулар да оюнга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып жатышты. Орусиянын башкы машыктыруучусу Фабио Капелло.
Алжирдин башкы машыктыруучусу Вахид Халилхожич оюнчуларга кезектеги тапшырмасын берүүдө.
Тапшырма так аткарылды. Алжирликтер алгач демилгени колго алып, анан Слимани эсепти теңеди.
Алжир үчүн бул мүнөттөрдө баары чечилди.
Эми Орусия алдыга жылыш керек эле. Анткени жеңиш гана аларга кийинки баскычтын жолдомосун бермек.
Орусия тараптан деле кооптуу мүмкүнчүлүктөр болу. Бирок оюн тең чыгуу менен аяктады.
Ошентип, Алжир африкалык 5 команданын ичинен кийинки баскычка чыккан 2 команданын бири болду (бири Нигеpия).
Алжирдин оюнчуларынын кубанычында чек жок.
Алжирдин оюнчуларынын кубанычында чек жок.

Бразилиядагы Дүйнө биринчилигинде кийинки баскычка чыга турган 16 команда иргелди. 16 кураманын ичине КМШ өлкөлөрүнөн катышып жаткан жалгыз команда Орусия кирбей калды. 26-июндан 27-июнга оогон түнү орун алган беттеште Алжир мелдештин кийинки баскычына чыккан 2 африкалык команданын бири болду (бири Нигерия).

Бардыгы Орусиянын колунда болчу. Эгер Орусия жеңишти камсыздаса, эч кандай маселе жок кийинки баскычка чыкмак. Бирок эрте гол киргизүү менен беттештин башында эсепте алдыга чыккан орусиялыктар оюндун экинчи жарымында демилгени тарттырып жиберишти.

Эми бул оюндардын жыйынтыгы менен тайпадан биринчи болуп чыккан Бельгия “G” тайпасынан экинчи орунду ээлеп чыккан АКШ курамасы менен кез келет. Алжир болсо Германияга туш келет.    

“Н” тайпасы

АЛЖИР – Орусия – 1:1

Голдор: Кокорин (6-мүнөттө). Слимани (60-мүнөттө).

ТҮШТҮК КОРЕЯ - БЕЛЬГИЯ – 0:1

Гол: Ян Вертонген (78-мүнөттө). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.06.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кайран орусия, эми муну да тушунолу европанын мендеген доо шаа мамлекеттери шелпейип кетишти, анан орусия эмне болуп калыптыр, бирок акыркы мунотко чейин орустарга куйормандык кылдым, эн окунучтуусу азия чолкомунон бир да комонда калбагандыгы. Мен куйормандык кылган мамлекеттер бардыгы уйлоруно кетишти, бир эле Месси баштаган Аргентина калды.
27.06.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
My congrats for our brothers-Algeria!!!
27.06.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алжир командасы ыйык орозо-айт кундорунун башында баардык мусулмандарга жакшы маанай тартуулады,Азаматсынар!!!
27.06.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Egen.Osh,
Aljirdi Germaniya uiuno aidait, kuto turunuz...
Kachandan beri kyrgyzdar Algirge kuyorman bolup kalyshkan...
27.06.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ЧМ 2014 ото кутуусуз болуп жатат,Европанын менмин деген командалары (Испания,Англия,Италия,Португалия,Хорватия,Россия)чемоданын салыштырып уйуно кетти,а америкалыктарга Германия,Голандия,Франция катуу оюн корсотот деген ойдомун!!!
27.06.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Egen.Osh, сөзүңүзгө кошуламын мен мындай оюн болот деп күткөн эмесмин
27.06.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Germaniya Chempion bolot buirusa!!!
Final: Holland - Deutschland
27.06.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусулман мусулманга жан тартат да анан!!Каяктагы каапыр орустарга күйөрман болмок белек?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: